Азирети Муфтийдин орун басары Кадыр Маликов Чүй казысынын орун басары Жоомарт ажы Абдырахманов менен жолугушуп, бир катар маселелер талкууланды

Кечээ, 9-сентябрь күнү Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгында Чүй казысынын орун басары Жоомарт ажы Абдырахманов Азирети Муфтийинин орун басары Кадыр ажы Маликов менен жолугушту.

Жолугушуу алкагында облустагы диний кырдаал жана казыяттын ишмердүүлүгү талкууланып, бир катар иштерди өткөрүү макулдашылды.

Жоомарт ажынын айтымында, күн тартибинде төмөнкү маселелер каралды:

  1. Жума намаз учурунда санитардык талаптарды бекем көзөмөлгө алуу, намаз окуучулардын аралыкты сактоосун көзөмөлдөө;
  2. Санитарлык талаптарды ар бир имам мечитке келүүчүлөргө түшүндүрүп, өзүнө жардамчы катары ыктыярчыларды дайындоо;
  3. Облустагы имамдарга диний деңгээлин жогорулатуу максатында окуу курстарын уюштуруу;
  4. Облустагы мечиттердин каттоосун тездетүү;
  5. Жыл аягында мыкты иш алып барган имамдарга «Үлгүлүү имам» жана шарты жакшырган мечиттерге «Үлгүлүү мечит» сынагын уюштуруу.