Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев Кара-Суу районунун имамдарына шайлоо иштерине аралашпоо боюнча эскертүү берди

Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев Кара-Суу районуна караштуу Төлөйкөн, Шарк, Кызыл-Кыштак жана Нариман айылдык аймагындагы мечит имамдарына парламенттик шайлоого саясий иш-чараларга катышпоого жана мечиттердин айланасында үгүт иштеринин жүргүзбөө боюнча эскертүү берип, жыйын өткөрдү.

Ага Ош облусунун мусулмандар казысынын орун басары Нурбек кары Орунбаев, казыяттын эмгек жамааты, Кара-Суу районунун баш имам хатиби Абдирашит ажы Батыров жана мечит имамдары катышты.

Жыйындын алдында коронавирус илдетинен каза болгон маркумдардын урматына багышталып Куран окулуп, андан соң облус казысы Самидин кары Атабаев имамдарга кайрылды.

«Күн өткөн сайын шайлоо жакындап жатат. Биз светтик мамлекет болгондуктан саясатка кийлигише албайбыз. Мамлекеттин жараны катары өзүбүз жактырып, ишенген партияга добуш берсек болот. Бирок, расмий диний кызматкерлер саясий үгүт иштерине катыша алышпайт. Бул боюнча Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушевдин атайын буйругу бар», — деди Самидин кары Атабаев.