17-сентябрь күнү Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев Ноокат районунун имамдарына жыйын өткөрүп, бир канча маселелерге токтолду. Жыйындын соңунда КМДБ тарабынан келген кереметтүү Куран китебин тапшырды.
Иш-чарага Ноокат районунун башкы имам хатиби Музаффар ажы Турдубаев, хатибият кызматкерлери жана мечит имамдары катышты.
Иш-чарада облус казысы төмөнкү маселелерге токтолду:
1. Өлкөдөгү абалга жараша мечит менен медреселерде өкмөт жана Муфтият тарабынан бекитилген тартипти, сактык эрежелерди бекем сактоо боюнча эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
2. 4-октябрда парламенттик шайлоодо диний кызматкерлер кызматын колдонуп үгүт иштерин жүргүзбөө. Диний иш-чара өткөрүүчү жайларда, мисалы мечиттин короосу же медреселердин жыйындар залдарын саясий максатта колдонбоо;
3. Облустук казыяттардын жан баш имам хатиптердин аткарган иштери боюнча отчёттору;
4. Нике каттоо журналынын ишке ашуусу боюнча толук маалыматтык отчёт;
5. Медреселердин абалы жана жаңы окуу жылына карата онлайн кабыл алуулар, аралыктан окууда даярдыктарды көрүү;
6. Казыят кызматкерлеринин жана райондук баш имамдардын функционалдык милдеттерин так аткаруусун талап кылуу. Тартип бузган жана милдетин аткара албаган кызматкерлерге тийиштүү чараларды көрүү;
7. Үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу жана аны бекемдөө боюча түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзүү.