Тоң районунда Куран жаттоо борбору курулууда

Ысык-Көл облусунун Тоң районунун борбордук мечитинин жанына 50 балага ылайыкташкан Куран жаттоо борбору курулууда. Бул туурасында Тоң райондук хатибиятынан билдиришти.

“Тон районунун Бөкөнбаев айылындагы борбордук мечитинин жанына жайгаша турган Куран жаттатуу борбору заманбап үлгүдө салынмакчы. Ичинде ашкана, жуунуучу жайы, жылуулук менен толук камсыздалмакчы”,-деп билдиришти хатибияттан.

Аталган борбор Бөкөнбаев айылынын тургуну Нурдин ажынын демөөрчүлүгү менен иш жүзүнө ашууда.

Пайгамбарыбыз Мухаммад (с.а.в.) өзүнүн куттуу хадисинде: “Үммөтүм аткарган ибадаттардын ичинен эң пазилеттүүсү Куран окуу”, “Силердин эң жакшыңар Куранды үйрөнгөн жана башкаларга үйрөткөнүңөр”,- деп буйруган (Бухари).