Расулбек ажы Сариев: Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга кол сунуу мусулмандык милдетибиз болуп саналат

Бүгүн, 3- декабрь «Майыптарды коргоонун эл аралык күнүнө» карата  «Фирдаус» мечитинин имам хатиби Расулбек ажы Сариевдин демилгеси менен «Ондош Ата» соода маркетинин  колдоосунда Кара Жыгач жаңы конушундагы  6 үй-бүлөгө 10 миң сомдук тамак-аш түрүндө жардам көрсөтүлдү.

Бул иш-чарага жаңы конуштун башчысы Шаршеев Дамир мырза да катышып, жардамдар чыныгы муктаждарга жеткирилди. 

«Бүгүн ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын эл аралык күнүнө карата жаңы конуштагы 6 үй-бүлөнү кыдырып,  чыныгы муктаж жарандарга жардамдарды жеткирдик. Айыл өкмөтүбүз да салымын кошуп, колдон келген аракетин жасады. Аларга кайрылып бул нерсе Аллах Тааланын сыноосу, эгер биз чыныгы дүйнөгө ыйманыбыз менен барсак бизди түбөлүктүү бейиш күтөт. Бейишке бардык кишилер алты саны аман ден соолукта киргизилет. Ал эми биз мусулман катары милдетибиз мындай кишилерге жардам колубузду сунуу болуп эсептелет»,- деди Расулбек ажы.