Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук хатибиятынын эмгек жамааты райондогу борбордук базардын эт сатуучулары менен жолугушуп, мал союнун шарияттагы эрежелерин түшүндүрүштү.
“Биз соода тармагында иштеген ишкерлер менен пикир алышып, шариятыбыздагы соода-сатык маселелери боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келебиз. Бул сапар атайын эт сатуучуларды кыдырап, малды шариятка ылайык союу, элибизге адал жана таза азык тартуулоосун эскертүүдөбүз”-деди баш имам хатиб Тынчтыкбек ажы Шаиков.
Муну менен катар баш имам хатиб соода кылуунун шарияттагы орду, тазалыкты сактоо, адал ырыскы боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү.