Абдирашит ажы Батыров: Терроризм жана экстремизм менен каршы күрөшүүдө бүткүл адамзаттын күчү жана темирдей эрки керек

Ош облусуна караштуу Кара-Суу райондук администрациясында мечит имамдарына терроризм жана экстремизмге каршы күрөшүү боюнча жыйын болуп өттү.

Жыйынга ИИМдин өкүлү Манас Аманбаев, Кара-Суу РИИБ нун 10- бөлүмдүн начальниги милициянын майору Жаныбек Пусуров, Кара-Суу районунун Баш имам хатиби Абдирашит ажы Батыров, мечит имамдары жана администрация өкүлдөрү катышты.

Иш-чарада Кара-Суу районунун баш имам хатиби Абдирашит ажы Батыров элибизди биримдике, ынтымака чакырууда жана ар кандай терс агымдардан оолак болууда имамдарыбыздын  эмгеги эбегейсиз зор экендигин баса белгиледи.

«Терроризм жана экстремизмге каршы күрөшүүдө бүткүл адамзаттын күчү жана темирдей эрк керек. Бул глобалдуу маселе болгондуктан бардыгыбыз биргеликте иш алып баруубуз кажет. Биздин диний кызматкерлер да өздөрүнүн салымдарын кошуп келе жатат. Бул жаатта Ош облустук казыяты менен биргеликте имамдардын акыйда илимин тереңдетүү боюнча окутууларды өткөрүү пландалууда», — деди Абдирашит ажы Батыров.