Нарын районунун баш имам хатиби адептүүлүк темасында баяндамасын жасады

Нарын районунун баш имам хатиби Кумарбек Орозалиев Нарын районунун Миң-Булак айылынын Актан Тыныбек атындагы мектебинде окуучуларга лекция өттү.

Анда,  Нарын районунун баш имам хатиби  Кумарбек Орозалиев балдар менен жолугушуу учурунда ден соолуктун кадыры, адептүүлүк жана ыйман туурасында баяндамасын жасады.  Андан кийин башталгыч класстарга пайдалуу жомоктор китебинен сабактар айтып,  баарлашты. Ошондой эле  бирге мектеп мугалимдери менен пикир алмашуу болуп,  чогулуш суроо жооптор менен коштолду.

«Бүгүнкү күндө окуучулар менен жолугушуулар райондогу башка айылдарда дагы болуп жатат. Окуучуларды мекенге болгон сүйүү, ата-эне кадыры, билим алуунун зарылдыгы боюнча кеңири айтылып берилип, түшүндүрүү иштери гана жүргүзүлбөстөн, билим, илим алууга шыктандырып жатабыз»,-деди райондун баш имам хатиби.