Кара-Суу райондук хатибияты райондун администрациясы тарабынан ыраазычылык баракча менен сыйланды

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунда Ош облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Жарасул Абдураимовдун катышуусунда жыл жыйынтыгы өтүп, Кара-Суу райондук хатибияты пандемия менен күрөшүүдө жана алдын алуу иштерине салым кошкондугу үчүн Кара-Суу райондук администрациясынын ыраазычылык баракчасы  менен сыйланды.

Иш-чарага Кара-Суу районунун акиминин милдетин аткаруучу Капарбек Адиев, Кара-Суу районунун башкы имам хатиби Абдирашит ажы Батыров, Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси, милициянын полковниги Арабидин Акунбеков, айыл өкмөт башчылары жана жергиликтүү мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

«Коронавирус илдетине каршы күрөшүүдө мечит имамдары эбегейсиз зор салым кошушту. 2020- жылы имамдар өз жамааты менен биргеликте 5000000 сомдон ашык жардам көрсөтүштү.  Касиеттүү калкыбызды берешендикке чакырган имамдарга терең ыраазычылык билдирем. Хатибяттын ийгилиги  имамдардын, дин кызматкерлеринин ийгилиги», — деди Кара-Суу районунун баш имам хатиби Абдирашит ажы Батыров.