Жалал-Абад облустук казыят жамааты шаардагы жума мечиттердин жамааттары менен жолугушту

Жалал-Абад облусунун казысы Нематулла ажы Жээнбеков Жалал-Абад шаарында жайгашкан жума мечиттердин жамааттары менен жолугушту. Анда шаар тургундарын мечиттерден сырткары шаарыбыздын тазалыгына көңүл бурууга үндөдү.  

Ошондой эле жаңыдан курулуп баштаган “Достук” жана “Насридин ата” мечиттеринин курулуш иштери менен жеринен таанышты.

“Өнүгүү шаарыбызга  шаарыбыз баарыбызга” дегендей Жалал-Абад биздин шаарыбыз. Ушул шаардын тургуну болгонубуздан кийин биз мечит жамааттары шаарыбыздын өнүгүшүнө, тазалыгына, ирээттүүлүгүнө  колубуздан келген ар тараптуу жардамыбызды, салымыбызды кошолу. Каражат жагынан жардам бере албасак, тартип жагынан жаштарга насааттарыбызды айтып, тазалык  жагынан колдоо көрсөтөлү”,-деди Нематулла ажы.