Кыргызстан менен Казакстан мусулмандарынын Дин Башкармалыктары халал тармагын өнүктүрүүдө кызматташат

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев Казакстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын алдындагы «Халал даамы» мекемесинин директору Айбек Аскарбек уулу менен жолугушту. Эки тараптуу жолугушууда кызматташуу жаатында пикир алышты.

Алгач Азирети Муфтийдин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев КМДБнын фатва бөлүмүндөгү халал тармагы боюнча маалымат берип, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу шайкештикти баалоо системасын жөнгө салуу жана адал индустриясы менен биргеликте ишканаларга сертификаттар берилип жаткандыгын маалымдады.

Ал эми Казакстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын алдындагы «Халал даамы» мекемесинин директору 2014-жылы «Халал даамы» мекемеси түзүлгөндүгүн, бүгүнкү күндө 30 кызматкер иштеп жаткандыгын билдирди.

«Бүгүн СМИК сертификаты жана Малайзиянын тажрыйбасын колдонуу менен иштеп келебиз. 500 ишкана менен иш алып барсак, 10 ишкана чет мамлекетке таандык. Алардын ичинде Кыргыз Республикасынын ишканалары дагы бар»,-деди мекеменин директору Айбек Аскарбек уулу.

Муну менен катар ал бардык сертификатка ээ болгон ишканалар атайын бирдиктүү базага жүктөлүп, аларга мобилдик тиркеме иштелип чыккандыгын билдирди.

«Бүгүн «Халал даамы» мекемеси касапчыларга дагы сертификат берип, аларды дагы окуудан өткөрүп келет. Жалпыбыздын максатыбыз элибизге адал тамак-аш азыктарын тартуулоо»,-деди ал.

Ал эми КР Экономика министрлигине караштуу шайкештикти баалоо системасын жөнгө салуу жана адал индустриясынын бөлүмүнүн башкы адиси Алмаз Кайырбеков Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы менен Казаксатан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы атайын халал индустриясын жөнгө салууда атайын кызматташуу келешимин түзүп, эки тараптуу иш алып баруусу жакшы натайжа берет деген сунушун киргизди.

Эки тараптуу жолугушууда тараптар кызматташууга даяр экендигин билдиришти.

«Жараткан насип кылса КМДБнын алдындагы халал тармагын кеңейтип, өлкөбүздөгү ишканалар менен тыгыз иш алып баруу максатыбыз бар. Элибиздин адал ырыскысы үчүн жакшы пландар алдыда»,-деди Азирети Муфтийдин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев.