Иманбек Азизилла уулу: Коомубузга ыймандуу, адеп-ахлактуу, илимдүү, эмгекчил, жаратман жаштар керек

Ош облусунун мусулмандар казысынын жардамчысы Иманбек Азизилла уулу Ош шаарында жайгашкан №6 А.С. Макаренко жана №10 В.И. Ленин атындагы орто мектептеринде, ошондой эле №22 С. Шарипов атындагы мектеп-гимназиясында «адеп» темасында тренинг өттү.

Тренинг акагында облус казысынын жардамчысы жаштарды билимдүү болууга чакырып, эң негизгиси изденүү керектигин баса белгиледи.

«Мамлекетибиздин эң негизги ресурсу – адам ресурсу болуп саналат. Демек, коомубузга ыймандуу, адеп-ахлактуу, илимдүү, билимдүү, эмгекчил, жаратман жаштар керек. Мындай жаштар доорубуздун көйгөйлөрү менен чечкиндүү күрөшүп, жаркын келечек кура алат. Пайгамбарбыздан (с.а.в.): «Эки күнү окшош болгондор зыянда», – деген риваят айтылат. Ошондуктан, эки күнүңөр окшош болбосун. Ар күнү окугула. Күн сайын өнүккүлө. Күн сайын өзүңөрдү таптагыла. Урматтуу жаш достор, биз силерге ишеним артабыз. Силер да өзүңөргө ишенгиле», – деди Иманбек Азизилла уулу.  

Ал эми Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитетинин адиси  жаштарды ар кандай терс көрүнүштөрдөн оолак болууга чакырып, мекен үчүн кызмат кылуу керектигине токтолду.  

«Азыркы тапта жаш өспүрүмдөр арасында жагымсыз көрүнүштөр көп катталууда. Мунун алдын алуу максатында биз, Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитети мектептерде адеп-ахлак, ата-энени сыйлоо, мугалимге урмат кылуу, мекенди сүйүү, билим алуунун артыкчылыгына багытталган окуу долбоорун уюштурганбыз. Ошондуктан диний жана дүйнөбий жактан терең маалыматтуу тренерлер менен долбоорду уланта беребиз», – деди жаштар комитетинин адиси Уулча Икрам кызы.

Семинардын соңунда суроо-жооптор уюштурулуп, окуучулар өздөрү кызыккан ар түрдүү соболдорго жооп алышты.

Эскерте кетсек, «Адеп-сабагы» деп аталган бир жылдык окуу долбоорунун негизги максаты жаштарды руханий жактан өстүрүү болуп саналат жана анын алкагында мектеп окуучуларына адеп-ахлактуулукка басым жасалган тренинг, семинарлар өткөрүлөт.