Ош шаарындагы «Имам Матуриди» диний окуу борборунун бүтүрүүчүлөрүнө сертификаттар тапшырылды

26-май күнү Ош шаардык мусулмандар казыятына караштуу «Имам Матуриди» диний окуу борборунун бүтүрүүчүлөрүнө сертификаттар тапшырылды. 

Бүтүрүүчүлөрдүн арасынан 14 студент Куран жаттоо багыты боюнча бүтүп, Куранды толук жаттаганга жетишти. Ал эми 6 студент илим багытында сабак алган. 

Бүтүрүүчү студенттер үчүн сертификаттарды Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев өз колу менен тапшырып, окууларына, иштерине ийгилик каалады.

«Куранды толук жаттап, бирок аны унутуп калуу оңой. Жаттагандан кийин жыл сайын кайталап туруу керек. Ал үчүн Рамазан айы эң мыкты мүмкүнчүлүк. Ар бир Рамазанда мечиттерде Катмы Куран окуу менен бышыкталып турат. «Баштаган ишти таштаба» деген элибизде жакшы сөз бар. Куран жаттагандан кийин, аны алып жүрүү жоопкерчилигин да, үйрөткөн устаздын мээнетин да актоо керек. Мүмкүнчүлүк болушунча башкаларга да үйрөткүлө, Куранды толук жаттаган шакирттерди чыгаруу баарыңарга насип кылсын», — деди Убайдулла ажы Сарыбаев.

Иш-чарага Ош шаардык казыятынын чарба курулуш жана мечиттер адиси Муктар ажы Номан уулу, диний окуу борбордун мугалимдери, студенттер жана алардын ата-энелер катышты.