Азирети Муфтий жана дин аалымдары коронавирус инфекциясына каршы вакцина алышты

Бүгүн, 15-июлда Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев Бишкек шаарындагы эмдөө пункттарынын биринен коронавирус инфекциясына каршы вакцина алды.

Ошондой эле Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү, Кыргызстан Ислам университетинин проректору жана мугалимдери, Бишкек шаардык казыятынын имамдары эмдөөдөн өтүштү.

Эскерте кетсек, кечээ, 14-июлда Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңеши COVID-19 илдетине каршы эмдөө боюнча фатвасын чыгарган.