Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиевдин буйругу менен дин кызматкерлери март айынан апрель айына чейин ишембилик өткөрүшөт. Иш-чара алкагында дин кызматкерлери (Муфтият жана ар бир Казыят, хатибият, мечит имамдары, диний окуу жайлар) мечиттерди, диний окуу жайларды, социалдык обьекттерди (карыялар үйүн, жетимдер үйүн) жана кароосуз калган үй-бүлөлөргө тазалоо, актоо, көчөт отургузуу иштерин жүргүзүшмөкчү.