Муфтият маркумду узатуудагы ысырапкорчулуктун алдын алуу жөнүндө фатва чыгарды

Муфтият маркумду узатуудагы ысырапкорчулуктун алдын алуу жөнүндө фатва чыгарды.

Фатва толугу менен берилет

Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы

Ф А Т В А   № 01

Маркумду узатуудагы ысырапкорчулуктун алдын алуу жөнүндө

Ислам шариятында маркумду акыркы сапарга узатууда сөөк чыккан үйдө үч күнгө чейин казан асып мал союлбайт, тамак берилбейт, сөөк чыккан үйдүн кошуналары ошол үйдөгүлөргө көңүл айтып, туугандары тамак алып келип туруусу жакшы иш. Бул кошуналардын жана туугандардын милдети. Жакын адамын жоготуп, кайгыга батып турган маркумдун жакын туугандарынын малын союп, аларга тамак жасатып, жеп олтуруу шариятка туура келбейт (макрух). Маркумдун артында чыркырап балакат жашына жете элек жетимдер калган болуусу мүмкүн. Мындай учурда жаназага келгендерге мал союп тамак-аш уюштуруу арам болот.

إِنَّ الَّذِينَ يَأْكُلُونَ أَمْوَالَ الْيَتَامَىٰ ظُلْمًا إِنَّمَا يَأْكُلُونَ فِي بُطُونِهِمْ نَارًا ۖ وَسَيَصْلَوْنَ سَعِيرًا ﴿١٠

«Албетте, жетимдин мал-мүлкүн адилетсиздик менен жегендер өз курсактарына отту жутушат жана эч күмөнсүз тозоко киришет«. (Нисаа сүрөсү, 10-аят)

عَنْ جَرِيرِ بْنِ عَبْدِ اللهِ الْبَجَلِيِّ قَالَ: كُنَّا نَعُدُّ الاِجْتِمَاعَ إِلَى أَهْلِ الْمَيِّتِ، وَصَنِيعَةَ الطَّعَامِ، مِنَ النِّيَاحَةِ. أخرجه أحمد

Жарир ибн Абдулла (разияллоху анху) айтат: “Сөөк чыккан үйгө адамдар чогулуп, анан үй ээси келгендерге тамак-аш даярдап берүүсүн “нияхат”дан деп эсептечүбүз” (Имам Ахмад риваяты)

Нияхат дегени өлүккө чектен чыгып чачын жулуп, бетин тытып өкүрүп үн чыгарып ыйлоо. Мындай кылуу шариятта ачык арам амал болуп саналат.

عن عبدِ اللهِ بنِ جَعفرٍ، قال: لَمَّا جاء نَعْيُ جعفرٍ قال رسولُ الله صلَّى الله عليه وسلَّم: ((اصنعُوا لآلِ جَعفَرٍ طعامًا؛ فقد أتاهم ما يَشْغَلُهم، أو أمْرٌ يَشْغَلُهم. [9166] أخرجه أبو داود (3132)، والترمذي (998)، وابن ماجه (1610)، وأحمد (1751). قال الترمذي: حسن صحيح، وحسَّن إسناده ابن كثير في ((إرشاد الفقيه)) (1/242)، وصحَّحه ابن الملَقِّن في ((البدر المنير)) (5/355)، وصحَّح إسنادَه أحمد شاكر في تحقيق ((مسند أحمد)) (3/194(،

«Абдуллах ибн Жаъфар риваят кылат: «Качан ( атам) Жаъфардын каза болгондугу жөнүндө кабар келгенде Пайгамбар (соллаллоху алайхи ва саллам): «Жаъфардын үй-бүлөсүнө тамак-аш даярдап, (киргизип) бергиле. Себеби аларга мусийбат жеткендигинен өздөрүнө да тамак жасоого чолосу тийбей калды», деп айтты». (Абу Давуд, Термизий, Ибну Маажа жана Имам Ахмад риваяты)

يُسَنُّ لجيرانِ أهل المَيِّت ولأقارِبِه تهيئةُ طعامٍ يُشْبِعُهم يَوْمَهم وليلَتَهم  (1) ، وهذا باتِّفاقِ المذاهِبِ الفقهيَّةِ الأربعةِ: الحَنفيَّة  (2) [9162]  تبيين الحقائق شرح كنز الدقائق وحاشية الشِّلْبِيِّ)) (1/246)، ((مراقي الفلاح)) للشرنبلالي (ص: 228(، والمالِكيَّة  (3) [9163] ((مواهب الجليل)) للحطاب (3/37). ويُنظر: ((شرح مختصر خليل)) للخرشي (2/129). المالكية قالوا: بِشَرْطِ إذا لم يكونوا اجتمعوا للنِّياحة. ، والشَّافعيَّة  (4) [9164] ((المجموع)) للنووي (5/319)، ((مغني المحتاج)) للخطيب الشربيني (1/367). ، والحَنابِلَة [9165] ((الإنصاف)) للماوردي (2/393)، ((كشاف القناع)) للبهوتي (2/149). (5(

Сөөк чыккан үйдүн кошуналары аза ээлерине эртели-кеч баары тойгудай өлчөмдө тамак даярдап берип туруусу сүннөт. Бул амалдын сүннөт экендигине төрт мазхаб да бир пикирде болгон.

و لا يباح اتخاذ الضيافة عند ثلاثة ايام, كذا في «التتارخانية»

«Ушул үч күн ичинде маркум чыккан үйдө тамак жасалбайт (таъзия билдирүүгө келген адамдарга дасторкон жайылбайт, зыяпат берилбейт. Мусийбат жеткен үйдөгү адамдар азалуу болуп турган абалда алардын келгендерге кароосу, аларга тамак-аш тартуу мусийбат үстүнө мусийбат болуп саналат)». (Ааламгирия)

Алла Таала Кереметтүү Курандын Аъраф сүрөсүнүн 31-аятында:

وَكُلُوا وَاشْرَبُوا وَلَا تُسْرِفُوا ۚ إِنَّهُ لَا يُحِبُّ الْمُسْرِفِينَ ﴿٣١﴾

Жегиле, ичкиле, бирок ысырапкорлук кылбагыла! Анткени, Аллах ысырапкорлорду жакшы көрбөйт. (“Аъроф” сүрөсү; 31-аят) -деп  буюруп жатат. Ал эми Пайгамбарыбыз Мухаммад (соллаллоху алайхи васаллам) куттуу хадисинде мындай деген:

وَرَوَاهُ النَّسَائِيُّ وَابْنُ مَاجَهْ مِنْ حَدِيثِ قَتَادَةَ، عَنْ عَمْرِو بْنِ شُعَيْبٍ، عَنْ أَبِيهِ، عَنْ جَدِّهِ، عَنِ النَّبِيِّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَ سَلَّمَ قَالَ: كُلُوا، وَتَصَدَّقُوا، وَالْبَسُوا، فِي غَيْرِ إِسْرَافٍ وَلَا مَخِيلَةٍ.

 «Текебердикке алдырбастан жана ысырап кылбастан жегиле, садака бергиле жана кийингиле!» (Насаи, Ибну Маажа Зекет 66).

Ал эми аза күтүүгө шариятыбыз үч күнгө гана уруксат берген.  Ал күндөрү жаназага келе албагандар мусийбат (аза) жеткен үйгө келип, маркумдун жакындарына  таъзия (көңүл айтуу) билдирип кетсе болот. Бирок бир жолу таъзия билдирген адам мусийбат жеткен (азалуу) үйгө кайра келүүсү шарт эмес.

وذكر الشيخ ابن عابدين: [لا ينبغي لمن عزى مرةً أن يعزي مرةً أخرى، رواه الحسن عن أبي حنيفة]حاشية ابن عابدين2/262.

Ибну Аабидийн (рахимахуллаах) өзүнүн “Хаашия”сында айтат: Хасан ибн Зияд Имам Абу Ханифадан (рахимахумаллаах) риваят кылат: “Бир жолу таъзия билдирген адам кайра экинчи жолу таъзия билдирүүсү зарыл (милдеттүү) эмес” (2-том, 262-бет)

Макркумдун артынан кайрымдуулук кылуу жалаң гана элге тамак-аш  тартып, сооп багыштоо менен чектелбейт.  Анын ордуна коомчулукка пайдасы тие турган мечит, медресе, мектеп же оорукана сыяктуу социалдык мекемелерге керектүү жабдыктарды алып берсе маркумга дагы да сооптуу болот.

  1. Мусийбат болгон (азалуу) үйдө алгачкы үч күн ичинде мал союлуп келгендерге эч кандай дасторкон жайылып, тамак-аш берилбесин.
  2. Маркумга атап, үчтүк, бейшембилик, кырктык, жылдык жана башка ушул сыяктуу аттар менен жайылып жаткан дасторкондор эч бир диний китептерибизде айтылган эмес.
  3. Кандайдыр бир кездемени кичинекей бөлүкчөлөргө айрып, «жыртыш» таратып берүү, кийит кийгизүү  шариятта жок.
  4. Кабырдын үстүнө күмбөз жана башка нерселерди тургузуу шариятта жок нерсе, ысырапкерчилик. Күмбөз курганга кеткен акчаны жетим-жесирге, жакыр-муктаждарга берсе, сообу, пайдасы көбүрөк болот.
  5. Фатваны аткаруу бардык Кыргызстан мусулмандары үчүн шарияттык милдет болуп эсептелинет.

Эскертүү : Аза күндөрү бүткөндөн кийин сөөк чыккан үйдө атайын бир күндү белгилебей ошол үйдүн экономикалык абалына жараша, карыз албастан каалаган убакытта бир жолу кайрымдуулук иретинде (эхсан — Куран окутуу) өткөрүлсө жетиштүү болот. (Маркумга арналган эхсан-кайрымдуулукту кедей-жакырларга берсе дагы да максатка ылайыктуу болот).

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев