Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казыятында Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиевдин №85-буйругунун негизинде ишембилик өткөрүлдү. Ишембиликте казыяттын идарасынын айлана-чөйрөсү тазаланып, арча, бак, гүлдөрдүн көчөттөрү отургузулду. Иш-чарага Жалал-Абад облусунун казысы Нематулла ажы Жээнбеков баш болгон казыят кызматкерлери катышып, тазалык боюнча жарандарга түшүндүрүү иштерин дагы жүргүзүштү.
“Дин кызматкерлери дайыма жаз айынын келиши менен мечиттерде бак-дарактарды отургузуп, тазалык иштерин жүргүзүп келишет. Анткени Пайгамбарыбыздын (с.а.в) хадистеринде “Алла Таала таза зат, тазалыкты жакшы көрөт”, “Тазалык-ыймандын жарымы ”, “ Кайсыл бир мусулман бак отургузса, андан адамдар, жан-жаныбарлар, куштар жесе ал адамга кыяматка чейин садаканын сообу жазылат”,- деп айткан. Ошондуктан биздин дин кызматкерлер жаз айынын башынан эле тазалык, көчөт отургузуу боюнча да жергиликтүү райондук жана шаардык мекеме-ишканалар менен биргеликте ишембиликтерди өткөрүп, активдүүлүгүн көрсөтүп жатышат”,-деди облус казысы.