Азирети Муфтий Замир кары Ракиев дин аалымы Бауыржан Али уулунун ааламдан өткөндүгүнө байланыштуу казак элине көңүл айтты

Белгилүү дин аалымы жана Казакстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин мүчөсү, бир тууганыбыз Бауыржан Али уулунун бул жалгандан өткөндүгү кабыргабызды кайыштырды.

Чындыгында биз Аллага таандыкпыз жана баарыбыз Ага кайтуучубуз.

Бир боорубуздун ааламдан өтүүсү баарыбыз үчүн оор жоготуу жана орду толгус кайгы.Кыргыз элинин, Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын жана жеке өзүмдүн атымдан үй-бүлөсүнө, жакындарына Казакстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Наурызбай ажы Таган уулуна, казак боордошторума терең кайгыруу менен көңүл айтам.

Бауыржан Али уулунун бир боорубуздун жаткан жери жайлуу, топурагы торко болуп, Жараткан Аллах Таалам бейиши менен сүйүнчүлөсүн. Боордош казак элине сабыр берсин!

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев