Айдаркен шаарында Баткен облусундагы диний окуу жайдардын студенттери арасында футбол оюну боюнча мелдеш өтүп, жалпы 9 окуу жайдан келген командалар ат салышты.
«Илим алган окуучуларга аз да болсо стимул болсун деп ушундай иш-чараны силерге уюштурдук. Талашып-тартышпай силер дагы адеп-ахлагыңар менен көрүүчүлөргө жакшы үлгү болдуңар. Бул таймаш бир жылда бир болот экен, буюрса мындан ары үч жолу өткөргөнгө аракет кылабыз. Футбол эле эмес, башка спорттун түрлөрүн да кошобуз»,-деди облус казысы Нуридин ажы Мамасабиров.
9 команданын ичинен:
1-орун «Азирети Али” медресеси
2-орун «Байтулла” медресеси
3-орун “Муаъз ибни Жабал” медресеси
Эскерте кетсек, аталган турнир окуучулардын ынтымагын бекемдөө, бири-бири менен таанышуу максатында 2015-жылдан бери уюштурулуп, медреселер кезек-кезеги менен өткөрүп келет. Быйыл Айдаркен шаарындагы «Азирети Али» диний окуу жайында өттү.