Москва шаарында өтүп жаткан XIX Эл аралык Куран жарышына Кыргызстандан Жалил уулу Шергазы катышууда

Москва шаарында өтүп жаткан XIX Эл аралык Куран жарышына Кыргызстандан Жалил уулу Шергазы катышууда. Учурда 30дан ашуун мамлекеттен келишкен каарылар ыйык Куранды жатка билүү боюнча ат салышып, жеңүүчүлөр «Хафиз» наамына ээ болушмакчы.

Ал эми XIX Эл аралык Куран жарышынын жыйынтыгы 21-октябрь күнү Москва шаарындагы «Крокус Сити Холл» концерттик залында өтүп, анда көрүүчүлөр Орусия Муфтийлер Кеңеши тарабынан чакырылган  «Афганистандын алтын үнү» Абдуль-Кабир Хайдари, ыйык Харам мечитинин имамы Шейх Хасан Бухари жана белгилүү каары шейх Амир аль-Мухальхаль сыяктуу дүйнөгө белгилүү хафиздердин Куран окууларына күбө болушмакчы.