Каракол шаарынын баш имам хатиби Талант ажы Сабриков МУКК, ШИИБ кызматкерлери менен биргеликте шаардык билим берүү бөлүмүндө мектеп мугалимдери, тарбиячылары менен жолугушуп, экстремизм, терроризм, талап тоноочулук, өзүн-өзү өлтүрүү, ата-энеге болгон сый урмат темаларынын алкагында пикир алышты.
Келечегибиз болгон жаш муундун ыймандуу, адептүү, билимдүү болушу үчүн биримдикте иш жүргүзүү туурасында баарлашып, бул иш чара жыл аягына чейин улантылмакчы,-деди Талант ажы Сабриков.
Ал эми Каракол ШИИБинин 10-бөлүмүнүн башчысы Арсен Самаев ички иштер башкармалыгы тарабынан аткарылып жаткан иш аракеттерден кабар берип, тарбия берүүдө биргеликте иш алып баруу керектигин баса белгиледи.