Кызыл-Кыя шаарында курулуп жаткан «Ыйман» комплекси жаз айында ишке берилет

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында курулуп жаткан  «Ыйман» комплексинин курулуш иштери кызуу жүрүүдө. Бул туурасында Кызыл-Кыя шаарынын баш имам хатиби Мукадас ажы Кожониязов билдирди.

Маалыматка ылайык бүгүн, 22-октябрь күнү  Кызыл-Кыя шаарынын баш имам хатиби шаардагы бардык дин кызматкерлери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте комплекстин курулуш иштери менен таанышып чыгып, 60 пайыз курулуш иши бүтүп, оорукана, спорт аянтчасы, эс алуу жайы, мечит болуп, бардыгы биригип комплекстүү, бир темпте салынып жаткандыгына күбө болушту.

“Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясынын демөөрчүлүгү менен курулуп жаткан «Ыйман» комплекси  бардык керектелүүчү жабдыктар менен камсыздалып, жаз айларына карата ишке берилет  жана комплекс курулуп бүтсө шаар тургундары үчүн эс алуучу жай болуп калмакчы”,- дейт шаардын баш имам хатиби  Мукадас ажы Кожониязов.