Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармасы 2019-жылдагы ажылык иштерине даярдыктарды көрө баштады. Ажылык иштерин электрондоштуруу максатында биометрикалык паспорт колдонуу замандын талабы болуп жаткандыгына байланыштуу 2019-жылдан тарта ажылык сапарына барууну каалаган жарандарга биометрикалык паспорттун негизинде каттоо жүрө тургандыгын эскертип, биометрикалык паспорт алууга чакырат .