Баткен облусунун мусулмандарынын казысы Нурдин ажы Мамасабировдун тапшырмасы менен Лейлек районунун Раззаков шаарында 13 жашка чейинки балдар арасында 30-пара боюнча Куран жарышы болуп өттү.
Сынакка 70 тен ашуун 13 жашка чейинки катышуучулар катышып, алдыңкы орунга ээ болгондор баалуу белектерге ээ болушту. Калыстар тобунун чечимине ылайык, жыйынтык төмөнкүдөй болду:
1- орунду ээлеген Ризван Мурзапапов, уюлдук телефон жана мактоо баракчасы;
2- орунду ээлеген Анас Гапаралиев, чоң велосипед жана мактоо баракчасы;
3-орунду ээлеген Халид Маннанов, велесипед жана мактоо баракчасы;
4- орунду ээлеген Сүйүнбек Юсупов, чач алуучу машинка жана мактоо баракча;
5-орунду ээлеген Исхак Курбанов, чач алуучу машинка;
6-орунга татыган Ясин Убайдуллаев, чач алуучу машинка.
“Пайгамбарыбыз Мухаммаддын (с.а.в) хадисинде, “Силердин эң жакшыңар Куран үйрөнүп, аны башкаларга үйрөткөнүңөр”, – деген. Бүгүн Куран жаттаган ушунча жаш өспүрүмдөрдү көрүп жүрөгүм жылып, ичимден сүйүнүп олтурам. Себеби биздин келечек муундарыбыз ушул жаштар. Куран бар жерде береке бар, мээримдүүлүк бар, ырайым бар”, – деп айтты өз куттуктоосунда Лейлек районунун баш имам-хатиби Сейитбек ажы Полотов.