Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү Көчкөнбай ажы Садиллаев жана Ниязали ажы Арипов Талас облусундагы жергиликтүү жашоочулар менен жолугушуп, алардын сунуштарын кабыл алышууда. Бүгүнкү күнгө чейин Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү Талас, Бакай-Ата, Манас жана Кара-Буура райондорунун имамдары жана жергиликтүү тургундары менен жолугушуп, анын алкагында өлкөдөгү диний абал жана коомчулуктагы ар кандай терс көрүнүштөрдү болтурбоо, ысырапкерчиликти токтотуу жана үй-бүлөнү бекем сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
Эл менен болгон жолугушууга облус казысы Таалайбек ажы Бапиев жана казыят кызматкерлери дагы катышууда.