Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казыяты “Хадия камкор” фонду менен биргеликте 100 балага ооз ачтырып, 20 үй-бүлөгө азык-түлүк салынган баштыкчаларды таратты.
Казыяттын окуу жана мечит боюнча адиси Арпидин ажы Жороев улуу Рамазан айы мээримдүүлүктүн, кечиримдүүлүктүн, эң башкысы кайрымдуулуктун айы экенин айтып, бул айда берилген жардамдын сообу эсепсиз болоруна токтолуп:
«Казыятка жардам сурап кайрылгандардын саны арбын. Алардын муктаждыгын чечүүдө берешен, ачык кол инсандар жана кайрымдуулук фонддор менен биргеликте иш алып барабыз. Бул жолу 100 томолой жана жарым жетим балдардын көңүлүн алып, “Хадия камкор” фонду менен чогуу аларга майрамдык дасторкон жайып, ифтарлык кечин уюштурдук. Мындан сырткары 20 үй-бүлөгө азык-түлүк салынган баштыкчаларды тараттык. Улуу Рамазан айында кармаган орозолорубузду Аллахым кабыл кылсын. Берешен кайрымдуу инсандарыбыз көп болсун!” – деп билдирди.