Кадамжай районундагы Бүргөндү айылынын Орун Абдурахманов атындагы мектебинде мектеп окуучулары арасындагы терс көрүнүштөрдү болтурбоо максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Иш чарага Бүргөндү айылындагы “Аррахман” мечитинин имамы Маккамбай Шерматов катышып, ата-энелерге балдарды тарбиялоодо көңүл бурууга чакырды. Ошондой эле ал коомдогу көйгөйлөрдү биргеликте чечүүдө тыгыз кызматташуу керектигин билдирди.