Бүгүн, 15-декабрда Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абдишүкүр ажы Нарматов жана АКнын мүчөсү Чубак ажы Жалилов илимий иш сапары менен Санкт-Петербург шаарына учуп кетишмекчи. Иш сапар алкагында дин аалымдары Санкт-Петербург шаарында эмгектенип жаткан мекендештерибиз менен жолугушуп, алардын суроолоруна жооп беришмекчи.
Мекендештерибиз менен болгон жолугушуу эртең, 16-декабрда саат 12:00до Санкт-Петербург шаарындагы борбордук мечитте уюштурулмакчы.
Дин аалымдары бүгүн түнү Санкт-Петербург шаарына учуп кетишмекчи. Жолушуу эртен башталып, аялзаты дагы катышса болот жана алар үчүн атайын орундар даярдалган,-деди Эрназар Таштанбаев.
Санкт-Петербург шаарындагы жолугушуу Горьковская метросундагы Кронверский проспект №7 дарегинде өтмөкчү.