Каныбек ажы Жусупов жаңы ачылган “Султан эне” кыздар медресесинен кабар алды

Кечээ, 17-октябрь күнү Ош шаардык мусулмандарынын казысынын орун басары Каныбек ажы Жусупов 2024-2025-жылга карата жаңы ачылган “Султан эне” кыздар медресесинен кабар алып, окуу жана документ иштери менен жеринен таанышты.

Иш-чарага Ош шаардык казыятынын кызматкерлери, “Султан эне” медресесинин мүдүрү жана эмгек жамааты катышты.

“Жараткан Аллах Таалага чексиз шүгүрлөрдү айталы. Себеби мурунку учурларда мындай заманбап бардык шарты менен курулган медересе болгон эмес. Керек болсо ар кандай өзгөчө кырдаал учурда тез жардам көрсөтүү бөлмөсү менен адистери да бар”, – деди Каныбек ажы Жусупов.