Ошто дин кызматкерлеринин катышуусунда «Дин жана мамлекет» аталышындагы тегерек үстөл өткөрүлдү

Бүгүн, 28- ноябрь күнү Ош шаарындагы «Sunrise» мейманканасында мамлекеттин дин чөйрөсүндөгү саясаты, радикализм, экстремизм жана терроризмди алдын алуу максатында тегерек үстөл болуп өттү.

Иш-чарага Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын түштүк аймагы боюнча бөлүмүнүн башчысы Фурхатбек Адилбек уулу, мамлекеттик мекеме кызматкерлери, Ош шаардык мусулмандарынын казысынын орун басары Каныбек ажы Жусупов баштаган казыяттын эмгек жамааты, «Мутакалим» диний уюмунун жетекчиси Жамал Фронтбек кызы, мечит имамдары, диний окуу жайдын мугалимдери жана калаадагы аялдар катышты.

Тегерек үстөлдө Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Фурхатбек Адилбек уулу дин тутуу эркиндиги, диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат, коопсуз коом, диний мыйзамдар жана дин багытындагы мыйзам актылары боюнча маалыматтарды берди.