Жалал-Абад облусундагы ДОЖдордо “Ислам дини экстремизмге каршы” аттуу иш-чара өткөрүлдү

Жалал-Абад облустук мусулмандарынын казыяты шаар хатибияты менен биргеликте «Барпы» театрында КМДБ жетекчисинин тапшырмасына ылайык, Жалал-Абад облусундагы ДОЖдордун окутуучулары жана студенттерине “Ислам дини экстремизм жана терроризмге каршы” аттуу иш-чара уюштурду.

Ага КР дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын Жалал-Абад облусундагы өкүлү Нурбек Кайсарбаев, Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын 10-бөлүм башчысы Урмат Калдаров, Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы Нематулла ажы Жээнбеков, казыяттын окуу адиси Нурдинбек Рустамбек уулу, Жалал-Абад шаарынын баш имам-хатиби Мелис ажы Турганбаев катышты.

Лекторлор экстремисттик материалдар, экстремисттик уюмдардын атрибутикалары жана символикаларына жана экстремизмдин кеңири жайылган түрлөрү боюнча доклад окушту.

Жыйындын соңунда “Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) доорунда адамдар Ислам динин түшүнүүдө бир жолдо болушкан. Бирок кийин динди туура эмес түшүнүүдөн улам ар кандай агымдар келип чыкты. Бул келип чыккан туура эмес агымдардын өтө коркунучтуусу – мусулмандарды күнөөлөрү себептүү каапырга чыгаруу. Бул көрүнүш аша чапкандык. Исламдын табиятына жат нерсе. Алла Таала ыйык Китебинде “Бардыгыңар Алланын жибин (гана) карманып, бөлүнүп-жарылбагыла!..” деп кабарлагандай, бүгүнкү күндө баарыбыз бир жиптин астында биригип, ата-бабаларыбыз бекем карманып келген Ханафи мазхабын, Матуриди акыйдасын кармансак, адашуудан алыс болбуз”, – деди Нематулла ажы Жээнбеков.