Казылардын жылдык отчётунун жыйынтыгы чыгарылды

Бүгүн, 18-декабрда КМДБнын конференция залында Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров казыларды кабыл алып, алардын жылдык отчёттору боюнча жыйын өткөрдү.

«Өткөндө жылдык отчётторуңуздарды укканбыз. Отчёттор формалдуу эмес, реалдуу кабыл алынган. Бул дүйнөдө муфтийлик, казылык кызматтар убактылуу гана. Бизге Алла Таала тарабынан берилген аманат. Андыктан кызматтын акысын берип, динибизге, эли-журтубузга татыктуу кызмат кылалы», – деди Азирети Муфтий өз сөзүндө.

Отчёттор боюнча мониторинг жүргүзүлгөнүн, артыкчылык-кемчиликтерге анализ жасалганын билдирген КМДБ жетекчиси отчёттордун алкагында Ош, Нарын жана Чүй облустук казыяттарына «Мыкты казыят» номинациясын тапшырса, жыл ичинде диний ишмер катары үзүрлүү эмгектенген Ысык-Көл облусунун мусулмандарынын казысы Самидин кары
Атабаевге жана Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы Ниматулла ажы Жээнбековго Муфтияттын Алкыш баракчасын тапшырды.