Анкара: Диний жаатта кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду

Бүгүн, 25-декабрь күнү Түркия мамлекетинин Анкара шаарында Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Азамат Юсупов жана Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров баштаган делегация Түркиянын Дин иштери боюнча төрагасы Али Эрбаш менен жолугушту.

Жолугушууда Али Эрбаш кыргыз тараптын достук зыяраты үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстандын Түрк мамлекеттери уюмунун алкагында эң тыгыз кызматташкан өлкөлөрдүн бири экенине көңүл бурду.

Ал эми КР ДИМК директору Юсупов Азамат Маматович жылуу кабыл алганы үчүн төрага Эрбашка ыраазычылык билдирип, Түркия менен Кыргызстан бир тууган эл экенин билдирди.

Жолугушуунун алкагында диний жаатта кызматташуу меморандумуна кол коюу аземи болду. Ага ылайык, Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Азамат Юсупов жана Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров Түркия Республикасынын Дин иштери боюнча төрагасы менен диний башкармалыктардын ортосундагы кызматташтык жөнүндө Меморандумга кол коюшту.

Меморандум эки өлкөнүн ортосундагы бир катар маселелерди, анын ичинде диний кызматтарды, диний билим берүүнү жана диний изилдөөлөрүн камтыйт.

Кол коюу аземине Түркия тараптан Дин иштери боюнча вице-президент Селим Аргун, Дин иштери боюнча Башкармалыгынын тышкы байланыштар боюнча башкы директору Махмут Өздемир жана Түркия Диянет фондунун башкы директору Изани Туран катышса, Кыргызстан делегациясынын курамында КР ДИМКнын бөлүм башчысы Айбек Иминов, КМ АК мүчөсү Самаган ажы Мыразаибраимов, Азирети Муфтийдин орун басары, УРШ төрагасы Жолдошбек ажы Абдылдаев жана Муфтияттын эл аралык мамилелер боюнча жооптуу адиси Белек Жапаракун уулу бар.