Кимсанбай ажы Абдурахманов атындагы Борбордук мечитке жаңы килем төшөлдү

Бишкек шаарындагы Кимсанбай ажы Абдурахманов атындагы Борбордук мечитке жаңы килем салынды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мусулмандарынын казысы Шакир ажы Маматов билдирди.

«Жамаатыбызда ар кандай курактагы адамдар бар. Өзгөчө улуу муундагы аталарыбыз, агаларыбыз көп. Аларга суук күндөрдө жылуу-жумшак килем керек болуп турган. Алла Тааладан сооп үмүт кылган кайрымдуу инсандарыбыздын бири мечитке жаңы килем салып берди. Эми мында жалаң намазкандар намаз окушуп, демөөрчүбүзгө дуба кылышып, ага эсепсиз сооп жазылат деп үмүт кылабыз», – деди калаа мусулмандарынын казысы Шакир ажы Маматов.

Айта кетсек, аталган мечитте 24 саат Куран окуу саамалыгы уюштурулуп келет.