Имамдын демилгеси менен Васильевка айылындагы 6 аз камсыз болгон үй-бүлө таза суу менен камсыздалды. Кийинки кезекте 5 үй-бүлө бар

Бишкек шаарындагы  Азирети Умар  мечитинин имам хатиби Шахобидин  ажы Ахунжановдун демилгеси менен Аламүдүн районунун Васильевка айылындагы 6 аз камсыз болгон үй-бүлөнүн короосуна таза суу чыгарылып берилди.

«Демөөрчүлөр менен биргеликте учурда 6 аз камсыз болгон үй-бүлөгө ичүүчү таза суу чыгарылып берилди. Кийинки кезекте 5 үй-бүлөнү таза суу менен камсыз кылуу планыбыз бар»,-деди Шахобидин  ажы Ахунжанов.