Ош шаарындагы ӨКМдин куткаруу кызматкерлерине мекенди коргоо ыймандан жана ага кыянаттык кылбоо темасында жыйын өтүп, ага аскер прокуратурасынан Бакыт Матраимов, куткаруу кызматынын командири Мирлан Карабаев жана Ош шаардык мусулмандар казыятынын Ак-Буура Батыш хатибиятынын баш имам хатиби Мирлан ажы Токтомушев катышты. Жыйында өз өмүрүнө кол салуу жана башкаларга зыян жеткирүүнүн мыйзамдагы орду, мекенди сүйүүдөгү инсандын милдети, ата-мекенди коргоо боюнча баяндамалар жасалды.
«Ислам дини тынчтыкка, ынтымак менен биримдикке, достук менен туугандыкты бекемдөөгө чакырган дин экендиги туурасында маалыматтар айтылды. Муну менен катар рекетчилик, талап-тоноочулук, үстөмдүк кылуу, өзүнүн өмүрүнө кол салуу жөнүндө лекциялар окулуп, бул иштердин бардыгы Жараткан Алла Таалага жакпаган иштерден экендиги айтылды»,-деди Мирлан ажы Токтомушев.