Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев бүгүн, 28-мартта Москва шаарында өтүп жаткан «Ислам мээримдүүлүктүн жана тынчтыктын дини» аттуу Эл аралык диний конференцияга катышууда.
Эл аралык конференция Чечен Республикасынын мусулмандар дин башкармалыгы тарабынан уюштурулуп, 43 мамлекеттен 250 делегат катышууда.
Аталган конференциянын жүрүшүндө мамлекеттер арасындагы тынчтыкты бекемдөө жана диний конфессиялар ортосундагы мамилени жакшыртуу, ошондой эле эл аралык терроризм жана экстремизмдин алдын алуу темаларында талкуу болууда.
Бул конференцияга Чечен Республикасынын муфтийи Салах-хаджи Межиев, Татарстан жана Египет Республикасынын муфтийлери, Сауд Падышачылыгынын кеңешчиси, муфтийлер жана серепчилер катышууда.
Эскерте кетсек, аталган Эл аралык конференция 29-30 март күндөрү Грозный шаарында өтөт.