Токтогул районунун санитардык-эпидемиологиялык станциянын жыйындар залында райондун баш имам хатиби, дарыгерлер, мектеп мүдүрлөрү жана оорукана башчыларынын катышуусунда «Тазалык- ден соолукка өбөлгө» аттуу тегерек стол болуп өттү.
Тегерек столдун жүрүшүндө балдардын саламаттыгына, айрыкча айыл жергесинде жайгашкан мектептердин айлана-чөйрө тазалыгына көңүл буруусу жана жугуштуу оорулардын алдын алуу маселелери талкууланды.