Жайыл районунун Сары-Булак, Моңолдор айылдарындагы аз камсыз болгон балдарга кайрымдуулук иш чарасы уюштурулду

Жайыл районунун Сары-Булак айылынын имамы Мырза ажы Төлөгөнөв Сары-Булак айыл өкмөтү уюштурган кайрымдуулук иш чарасына катышып, кайрымдуулук кылуунун сооптору, билим алуунун пайдасы жана убакытты ысырап кылбоо боюнча баяндама жасады.

Иш чарага Сары-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Кайрат Маатказиев, «Сары-Булак» орто мектебинин директору Асыл Тагаева катышып, Моңолдор, Сары-Булак айылдарынан кеген окуучуларга акыл-насааттарын айтышты.