Эртең, 27-апрель күнү имам Сарахси атындагы республикалык борбордук мечитте азанчылардын республикалык мелдеши өтөт

Эртең,  27-апрель күнү имам Сарахси атындагы республикалык борбордук мечитте азанчылардын республикалык мелдеши өтөт.

Бул күнү өлкө аймагынан танталып алынган 27 азанчы ат салышып, өз күчтөрүн сынап көрүшмөкчү. Азанчылардын республикалык мелдешине Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев жана дин аалымдары катышмакчы.

«Азанчылар арасында өтүп жаткан мелдеш өлкөбүздө алгачкы жолу уюштурулуп жатат. Республикалык тандоо турунда 3 жеңүүчү аныкталат. Биз буга чейин ар бир облустун 3төн жеңүүчүнү таап, республикалык мелдешке жолдомо ыйгарганбыз»,-деди уюштуруу тобунун жетекчиси Арыпбек Айтбаев.

Азанчылардын республикалык мелдешинин жеңүүчүсүнө Умра сапарына жолдомо ыйгарылса, калган 2 орунга баалуу белек-бечкектер берилмекчи.

Эскерте кетсек, азанчылардын мелдеши Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармасы жана «Мухаммад-Умар-Ош» коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулууда. Мелдеш 2018-жылдын ноябрь айында башталып, 2019-жылдын 27-март күнү облустук тандоо туру өткөн.  Бул сынакка жалпысынан 1000ге чукул азанчы катышып, республикалык мелдешке 27 талапкер жолдомо алган.

Башталышы саат 9:00.