Баткен облусундагы медреселер арасында спортту өнүктүрүп, мугалимдер жана окуучуларды дени сак жашоого үгүттөө максатында спорттук турнир өттү. Иш-чара Лейлек районунун Кулунду айылындагы “Таир” медресесинде болуп, анда спроттун волейбол, футбол түрү боюнча күч сынашты.
Турнирдин жыйынтыгында Исфана шаарындагы “Абдулла ибн Аббас” медресеси волейбол, футбол боюнча 1-орунду камсыз кылды.
«Иш чарага казыят кызматкерлери, имамдар,медресе мугалимдер менен студенттер катышты. Мелдеште жеңишке жеткен медреселерге баалуу белектер менен сыйланды»,-деди казыяттын маалымат катчысы Фуркат Авлиеев.