Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын баш имам хатиби Мукадас ажы Кожониязов “Ала-Тоо Мекенчил Инсандары” коомдук кайрымдуулук фонду тарабынан “Ала-Тоо Мекенчил Инсаны” ордени менен сыйланды.
Мукадас ажы Кожониязов аталган сыйлыкты кыргыз, орус, араб тилдерин жаштарга окутуп үйрөтүүгө кошкон салымы үчүн алган. Бул эмгеги үчүн “Ала-Тоо Мекенчил Инсандары” коомдук кайрымдуулук фонду тарабынан “Ала-Тоо Мекенчил Инсаны” ордени жана “Ала-Тоо Мекенчил Инсаны” алтын төш белгиси менен сыйланды.