Алай районунун имамдарына нике каттоо журналынын жалпы тартиби жана максаты боюнча кыскача маалымат берилип, таратылды

Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө айылынын Маруфхан уулу Жолборскан атындагы борбордук мечитиндеги имамдарга Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармасынын фатва, диний адабияттар жана халал иштери боюнча бөлүмүнүн башчысы Равшан ажы Эратов  нике каттоо журналын тааныштырып, таратты. 

Равшан ажы Эратов журналдын жалпы тартиби жана максаты боюнча кыскача маалымат берип, нике каттоо журналы үй-бүлөнү бекемдөөгө жана жубайлардын бири-бирине болгон урмат сыйын арттырууга шарт түзөөрүн белгиледи.

Никенин жана никеге каттоого алуунун максаты:

  • Мусулмандардын шарияттык никеге туруусун каттоого алуу жана өлкөдөгү үй-бүлө институтун бекемдөө.
  • Үй-бүлө баалуулуктарын жайылтуу жана нике, талак, нафака маселелерин кеңири түшүндүрүү аркылуу ажырашуулардын алдын алуу.
  • Өлкө боюнча сапаттуу жана бирдиктүү нике кыюуну жолго салуу жана нике кыйган дин кызматкердин жоопкерчилигин күчөтүү.
  • Күйөө никедеги милдеттерин аткарбаган учурда аялдардын шарияттык, мүлктүк, мурастык укуктарын сакталуусун камсыздоо.
  •  Жубайлар ортосунда сүйүү, мээрим жана байыр алууну, келечек урпакты көбөйтүү, абийирди, намысты сактоо.