Сокулук районунда заманбап 50 орундуу окуу борбору ишке берилди

Чүй облусунун Сокулук районундагы Студенческий айылында заман талабына жооп берген «Маркум Иса Ал-Хамадий» атындагы окуу борбору ачылды. Окуу борборго жалпысынан 32000 АКШ доллары сарпталып, 50 окуучуга ылайыкташкан.

Медресенин ачылыш аземине облус казысы Руслан ажы Жумагулов, казыят кызматкерлери, райондун баш имам хатиби Икрам ажы Ырысбаев, демөөрчүлөр  жана жергиликтүү эл катышты.

«Жылдан-жылга  окуу жайларыбыз көбөйүп,  сабатсыздыктын жоюлуусуна өтө жакшы себеп болууда. Эми бул окуу жайдан билим алган келечек муунудар өлкөбүздүн өнүгүшүнө өз салымдарын кошот деген ниеттемин»-деди облус казысы Руслан ажы Жумагулов.

Белгилей кетсек, окуу борбору «Ислах» коомдук кайрымдуулук уюмунун демөөрчүлүгү менен курулган.