Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев: Ар бир ажы башчы болочок ажылардын ажылык амалдарын аткартууга милдеттүү

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев ыйык Мекке шаарындагы иш сапары алкагында кыргызстандык ажыларды коштоп келген 119 ажы башчы менен жолугушту. Ажы башчылар менен болгон жолугушууда Азирети Муфтий ажы башчылар ажылардын төлөгөн акчасынын эсебинен келгендигин эскертип, андыктан ажыларга жогорку деңгээлде кызмат кылуу керектигин баса белгиледи. Муну менен катар Азирети Муфтий ажылардын ден соолуктарынан кабар алып, алардын ажылык амалдарын шарият көрсөткөн тартипте аткаруу үчүн окутууларды уюштуруп турууну милдеттендирди. Ошондой эле ажылык жакындаган мезгилде ажылардын коопсуздугуна катуу көңүл буруп, кандай гана маселе жаралбасын штаб менен биргеликте чечүү керектигин билдирди.

 «Ажы башчылар милдеттүү түрдө ажылыкты уюштуруу штабы тарабынан берилген тапшырмаларды аткаруусу керек. Ошондой эле ажы башчы ар бир ажыга көңүл буруп, алардын ал абалдарынан кабар алсын. Ажылык мезгили жакындап келе жатканда ажыларыбыздын ден соолуктарын карап, ажылык күндөрү Мина, Арафат, Муздалифа өрөөндөрүнө көчүүдө коопсуздукту катуу карап, ал эми Жамаратка таш атууга барууда САПтын ажылык министрлиги тарабынан берилген убакытта гана чыгуулары милдеттүү»,-деди Азирети Муфтий.

Муну менен катар жолугушууда Азирети Муфтий ажылардын арасында кары-картаңдар бар экендигин эскертип, биринчи кезекте бул инсандарга көңүл буруп, алардын кажеттерин биринчи кезекте орундатуу керектигин баса белгиледи.