Жээнбеков Нематилла Пусурманкулович — Жалал-Абад облусунун казысы

Жээнбеков Нематилла Пусурманкулович 1968-жылы 10-мартта Жалал-Абад областынын Сузак  районуна караштуу Акчалуу айылында туулган.

Билими:

1975-1985-жылдары Ильич орто мектебин ийгиликтүү аяктаган

1986-1988-жылдары Томск шаарында сержанттык наам менен аскердик кызмат өтөгөн

1988-1990-жылдары Бухара шаарында “Мир Араб” атындагы Ислам институтун аяктаган.

1990-1994-жылдары Бишкек шаарындагы “Хазирети Умар” атындагы Ислам институтун аяктаган.

1994-1998-жылдары Мекке шаарындагы “Уммул Куро” Эл аралык университетин бүтүргөн

2014-2019-жылдары Жалал-абад мамлекеттик Университетинин тарых факультетин бүтүргөн.

2019-2020-жылдары И. Арабаев университетинин теология факультетинде магистрант.

Эмгек жолу жана ишмердүүлүгү:

1998-жылы Жалал-абад шаарынын баш имам хатиби

1998-1999-жылдары Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияда специалист

1999-жылы КМДБнын мечит иштери боюнча бөлүм башчысы

1999-2002-жылдары Нарын облусунун казысы

2002-жылы Азирети Муфтийдин орун басары

2003-2006-жылдыры Кыргызстан Ислам Университетинин ректору

2007-жылы КР Өкмөтүнө караштуу ДИМКнын директорунун кеңешчиси

2010-жылы Азирети Муфтийдин кеңешчиси

2011-жылы КМДБнын аппарат жетекчисинин орун басары

2014-жылы Жалал-Абад облусунун казысынын кеңешчиси

2014-жылы Жалал-Абад шаарындагы “Исмаил Ал Бухари” мечитинин имамы

2017-жылы “Түз багыт” коомдук фондунун төрагасы

2021-жылы Жалал-Абад облусунун мусулмандар казысы

Кыргыз, орус, араб жана түрк тилдеринде эркин сүйлөйт

Үй-бүлѳлүү, уул-кыздардын атасы