Сагындыков Алмазбек Шаршенбаевич — Ысык-Көл облусунун казысы

Учурдагы Ысык-Көл облустук мусулмандар казыятынын казысы

туулган датасы: 17.07.1974
туулган жери: Ак-Суу районунун Кайырма-Арык айлы

Жети бир туугандын бешинчиси. Үй-бүлөөлүү, эки кыз, үч уулдун атасы. Келинчеги Ибрагимова Анара Абдуллаевна. Туулган жылы 1978-жыл, 30-сентябрь.


Билими:
— 1981-1991 ж. — Кайырма-Арык орто мектеби, Ысык-Көл облусу, Ак-Суу району,
— 1991-1992 ж. «Хазрети Умар» атындагы медресесиге (азыркы Кыргызстан Ислам Университети) ,
— 1992-94-ж. Стамбул шаарындагы «Чамлыжа» Kуран курсу,
— 1994-жылы Бишкек Гуманитардык Университетине тапшырып, ошол жылы билим берүү министирлигинин жолдомосу менен Египет араб мамлекетинин борбору Каир шаарында «Аль-Азхар» ислам университетинде илимин улайт,
— 1994-2004-жылдары «Аль-Азхар» ислам университети,
— 2011-жылы Кувейт мамлекетинде «Курси-Нур», «Аль Васатия» институнда билим алды
— 2011-2017ж. Академик Ж. Алышбаев атындагы кооперативдик Институту, Экономика факультетин аяктады.


Ажылык сапарлары:
— 1996-ж. Сауд Араб Мамлекетине кичи ажылыкка (Умра) барып келди.
— 2011-2014ж. Сауд Араб Мамлекетине эки ирет ажылык сапарына барып келди.


Иш тажрыйбасы:
— 2004-2006- жылдары «Ислам маданият борбору» фондусунун директору
— 2006-жылдын февраль айынан баштап Ысык-Көл облустук мусулмандар казыятынын казысы болуп иштеп келүүдө.


Сыйлыктары:

Ысык-Көл облусунун 70 жылдык, Каракол шаарынын 140 жылдык юбилейлик төш белгиси жана ИИМнин 90 жылдык юибилейлик төш белгиси жана КР Ардактуу аксакалы төш белгиси менен сыйлангам. Облустук ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жана шаардык мэрия тарабынан “Ардак Грамота” жана сыйлыктар менен сылангам.