Баткен облусунун казыятынын кыскача тарыхы

Баткен облустук мусулмандар казыятынын кыскача тарыхы

Баткен облусунун мусулмандар казыяты 2000-жылдын 14-июнунда  Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинен каттоодон өткөн. 2000-жылдын апрель айында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынан диний уюм катары катталган.

Баткен облусунун казыятында эң алгач молдо Исраил ажы 1999-2005-жж. казы болгон. 2005-жылдан 2006-жылга чейин казылык милдетти Рахматулла Эгембердиев жетектеген. 2006-жылдын биринчи жарымында Шакир ажы Маматов жетектеп келген. Гапуров Султанали  ажы 2006-жылдын июнь айынан тартып 2012-жылга чейин казылык кызматты аркалаган. Ушул эле жылы 3 ай Ниязали ажы Арипов казылык милдетти аткарган. Ал эми 2012-жылдан 2015-жылга чейин Юсуп ажы Балтабаев казылык кызматта эмгектенген. 2015-2017-жылдын май айына чейин Пазыл ажы Султанмуратов  казылык кызматты аткарган. 2017-2018-жылдары Муса ажы Жолдошов  казылык жоопкерчиликти аркалады. 2018-жылдын июль айынан тартып экинчи ирет Баткен облусунун мусулмандар казысы болуп Пазыл ажы Султанмуратов дайындалды.