Ош облусунун казыятынын кыскача тарыхы

Ош облусунун мусулмандар казыятынын кыскача тарыхы

Ош облусунун мусулмандар казыяты 1993-жылы 19-декабрда юридикалык жак катары адилет башкармалыгынан каттоодон өтүп өз ишмердүүлүгүн баштаган. Алгач Ош облустук мусулмандар казыятынын карамагына Ош, Баткен облустарынын жана Ош шаарынын мусулмандарын тейлөө милдети жүктөлгөн. Кийин 1999-жылы Баткен өз алдынча  облус болуп түзүлгөндөн кийин Баткен, Кадамжай, Лейлек райондорунун жана Кызыл-Кыя шаарынын баш имам хатибдери Баткен облусунун карамагына өткөрүлүп берилген. 2000-жылы Ош шаарына 2-борбор статусу берилгенден кийин, 2003-жылдын 24-июлунда Ош шаарынын аймагындагы мечиттер жаңы түзүлгөн Ош шаардык казыятынын курамына өткөрүлүп берилген.

Ош облусунун мусулмандар казыяты 2003-жылдын 5-августунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынан кайрадан мамлекеттик эсепттик каттоодон өткөрүлгөн.  Каттоо номуру № 0378 – РОИ. Ошол убактан тартып өзүнүн курамына Ош облусундагы 7 райондун баш имам хатибчиликтерин камтып ишмердүүлүгүн жүргүзүп баштаган. 2003-жылдын 4-апрелинде Ош облустук юстиция башкармалыгы тарабынан юридикалык жак катары кайра каттоодон өткөрүлүп, жобонун негизинде мусулмандардын диний керектөөлөрүн канааттандыруу ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө укук алган. Каттоо номуру 4768-3306-У-е . Ал эми Ош облусунун мусулмандар казыятынын уставы 2003-жылдын 24-июлунда Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи тарабынан бекитилген. Казыяттын кеңсеси жок болгондуктан 2015-жылы Кара-Суу районунун Шарк айыл өкмөтүнүн Фуркат айылындагы “Имам Ать-Термизий” мечитинин жер тилкесине 3 кабаттуу казыяттын офистик имараты курулуп баштап, 2018-жылы толугу менен бүткөрүлгөн.  Бул казыяттын офистик имараты комплекстүү Ислам борбору деп аталып, өз ичине мейманкана, китепкана, окуу залдарын жана офисттик каналарды камтымаган.


Ош облусунун мусулмандар казыятын жетектеген казылар:

Ош облусттук мусулмандар казыяты түзүлгөндөн баштап алгачкы казы болуп түптөгөн

— 1993-2001-жылдарда Саипжан ажы Абдувахидов облустун Казысы болуп иштеген.
— 2001-2003-жылдар арасында Асатилла ажы Нурматов
— 2003-2004-жылдарда Мубарак ажы Маразыков
— 2004-2006-жылдарда Саипжан ажы Абдувахидов
— 2006-2011-жылдарда Сүйүн ажы Калыков
— 2011-жылдын  2-июнунан тартып  2012-жылдын сентябрына чейин Ниязали ажы Арипов
— 2012-жылдын сентябрь айынан 2014-жылдын январь айына чейин Султанали ажы Гапуров
— 2014-жылдын 10 -январынан 2015-жылдын август айына чейин Ниязали ажы Арипов  2015-жылдын сентябрынан тартып азыркы кезге чейин Самидин кары Атабаев жетектеп келе жатат.