Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
“Сен жетимге каарданба! Ал эми тилемчиге орой мамиле кылба!” (Духа сүрөсү, 9-10)
Талантбек ажы Темирбаев буга чейин Бишкек шаарынын казысынын орун басары болуп эмгектенип келген. Ал бүгүн, 3-март күнү КМДБнын эмгек жамаатына тааныштырылып, жоопкерчиликтүү ишине ийгилик кааланды.
Темирбаев Талантбек Кадырбекович
Темирбаев Талантбек Кадырбекович 1974-жылы 3-декабрда Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунда төрөлгөн.
1980-1991-жылдары Сузактагы “Крупская” орто мектебин аяктаган.
1992-жылы Жалал-Абад шаарындагы “Билим” коому тарабынан уюштурулган “Араб тилин окуу жана жазуу” боюнча окуу курсун ийгиликтүү аяктаган.
1992-1996-жылдары Жалал-Абад шаарындагы коммерциялык институтта “Финансы жана кредит” адистиги боюнча жогорку билимге ээ болгон.
2003-2005-жылдары Кыргызстан Ислам университетинин алдындагы “Имамдык курсту” аяктаган.
2009-2014-жылдары Кыргызстан Ислам университетинин “Араб тили жана шарият” факультетин бүтүргөн.
Ал ошондой эле Кыргызстан Эл аралык Университетинде “Экономика” факультетинде окуган.
Эмгек тажрыйбасы:
2003-2005-жылдары Кыргызстан Ислам университетинде ректордун жардамчысы;
2005-2008-жылдары Бишкек шаардык Борбордук мечитте имам;
2008-2015-жылдары Бишкек шаарынын казысынын жардамчысы;
2015-2021-жылдары Бишкек шаардык казыятынын курулуш жана чарба иштери боюнча адис;
2021-жылдын 1-июлунан бүгүнкү күнгө чейин Бишкек шаарынын казысынын орун басары болуп эмгектенип келген.
Үй-бүлөлүү, 2 уул, 2 кыздын атасы
Сыйлыктары:
Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын жана Бишкек шаардык казыятынын “Ардак грамота” жана “Ыраазычылык баракчалары” менен бир нече жолу сыйланган.